
2026-жылдын 13-февралында Панфилов районунун «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунда улуттук интеллектуалдык «Тогуз коргоол» оюну боюнча чоң мелдеш болуп өттү.
Бул иш-чарага райондогу 15 мектептен келген 60 эң зирек окуучулар катышып, өздөрүнүн стратегиялык ой жүгүртүүсүн жана тапкычтыгын көрсөтүштү.
Эң башкы жаңылык:
Бул мелдештин алкагында «Келечек» борборунда «Тогуз коргоол» ийрими расмий түрдө ачылды! Эми биздин жаш муундар байыркы ата-бабаларыбыздын акыл оюнун тереңдетип үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Билим алууга жана улуттук баалуулуктарды сактоого баарыңыздарды чакырабыз!
