Апрель айынын соңунда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кол салуудан каза болгон 36 жарандын жакындарына арналып курулуп жаткан үйлөр толугу менен бүтүп, бүгүн ачкычтары тапшырылды. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында түптөлгөн жаңы конушка, каргашалуу окуяда шейит кеткен 12 жаштагы Мадинанын ысымы берилди. Жакындарынан ажырагандарга мындай колдоо көрсөтүүнү Мамлекет башчысы демилге кылып, жаңы шаарчанын курулушунун милдеттемесин жергиликтүү компаниялар алган. Мадина шаарчасынан жаңы турак жайлуу болгон мекендештерден кабарчыбыз Максат Акылбеков кабар алып келди.